С. Чокморовдун жаңы эстелиги кыргыз киносунун Күнүнө карата тургузулат

Сүймөнкул Чокморовдун коомдук Фонду 2017-жылы Чүй проспектиси жана Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде орнотулган, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун монументалдык-скульптуралык эстелигин реконструкциялоо ишин баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттен эске салышкандай, скульптор Алмаз Кожегуловдун эмгеги анын чыгармачыл оюна карабастан, комиссиянын кароосу учурунда, анын мүчөлөрүнүн баарына эле жага берген эмес. Улуу актердун жана сүрөтчүнүн чеберчилигин урматтагандар, скульптуранын Сүймөнкул Чокморов менен окшоштугун табышпай жана өздөрүнүн нааразылыгын билдиришкен.

Коомдук фонд бул эстеликти чыгармачылык эксперимент катары кабыл алууга мажбур болуу менен, улуу киноактердун жаңы тышкы көрүнүшүн жасап чыгуу үчүн башка скульпторлорду бул ишке тарткан эле. Жаңы эстеликтин автору болуп скульптор Азамат Абдрахманов жана архитектор Нурсейит Мамбетказиев балуп калышты.

Мурдагы эстеликти алып салуу жана жаңысын орнотуу иштери үстүбүздөгү жылдын 20-октябрда башталып, кыргыз киносунун Күнү катары белгиленген – 17 ноябрда аяктамакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД