Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Бишкектин Октябрь райондук сотунда президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Бул тууралуу elgezit.kg басылмасы билдирди.

Процесстин жүрүшүндө сот ишти кароо аягына чыкканын айтып, тараптардын талкуусуна өттү.

Мамлекеттик айыптоо өкүлү Икрамжан Илмияновдун күнөөсү толугу менен далилденгендигин билдирди. Прокурор соттон аны 7 жарым жылга эркинен ажыратып, 180 миң сом өлчөмүндө айыппул салууну өтүндү.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго "Дизель комплект" ЖЧКсынан 150 миң доллар алгандыгы үчүн, УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны камакка алуу чечимин чыгарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД