Мелис Турганбаев: Абактарда УКТ мүчөлөрүнө өзгөчө артыкчылыктар берилбейт

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринде УКТ мүчөлөрү кандайдыр-бир артыкчылыктарга ээ болгон практика четке кагыла баштады. Бул тууралуу VB.KG редакциясына ЖАМКтын жетекчиси Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, мурда мындай көрүнүштөргө кеңири жол берилген.

-Мамлекет ЖАМК маселелерине жетишерлик көңүл бурбаса, абактардын башчыларына "кримтөбөлдөрдүн" жардамына кайрылууга туура келген. Азырынча абактар бар кезде криминалдык элементтер дайыма камактагыларды башкарууга аракет кылат. Мындай учурлар болгон, бирок, силер билгендей, мен мындай көрүнүштү колдобойм. Мен өмүр бою УКТ менен күрөшүп келем. Ошондуктан менин жетекчилигим учурунда мындай режимдин ичинде көп нерселер өзгөрүүлөргө туш болууда. Аларга карата эч кандай өзгөчө артыкчылыктар берилбейт. Албетте, камактагылардын арасында түрмө мыйзамдары азыркы убакка чейин колдонулат. Бул планда абактардын башчылары мындай көрүнүштү эске алышууда, - деди ЖАМК жетекчиси.

Ошондой эле Мелис Турганбаев бүгүнкү күндө абактарда "мыйзамдагы уурулар" барбы деген суроого жооп берди.

-Жок, мындайлар бүгүн абактарда жок. Майда криминалдык авторитеттер гана бар. Ошол эле Камчы Көлбаев эркиндикте жүрөт жана мен билгенден, ал мындай иштерден алыстап калган, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД