Бишкекте суу жана канализация акысы кымбаттады

Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары "Бишкек шаарындагы суу жабдыгы жана канализациянын тарифтерин бекитүү жөнүндөгү" долбоорду талкуулашты. Бул долбоор 4-июлда Бишкек шаардык кеңештин сайтында жарыяланган.

Жыйынтыгында шаардык кеңештин бүгүнкү отурумунда тарифтерди жогорулатуу боюнча долбоор колдоого алынды.

Жаңы тарифтер 2019-жылдын 15-ноябрынан тарта күчүнө кирет.

Суу жана канализацияга жогорулаганга чейинки жана кийинки тариф:

Аталышы Суу жабдыгы. 1 куб метр үчүн сом менен (салыксыз) Канализация. 1 куб метр үчүн сом менен (салыксыз)

Азыркы тариф Сунушталган тариф Азыркы тариф Болжолдонгон тариф

Калк 5,38 8,10 1,20 2,30

Бюджеттик уюмдар 7,38 9,10 2,10 3,00

Башка колдонуучулар 9,15 13,00 4,02 6,00


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД