Ахматбек Келдибеков Садыр Жапаров жөнүндө: Кудайга койдум! (видео)

Бүгүнкү күндө соцтармактарда кайрадан Садыр Жапаровдун "Саясаттагы 10 жыл" китебин талкуулай башташты. Автор бул китебинде ачык эле айрым бир саясатчыларды жемкор жана арамза катары күнөөлөп жазган.

Мисалы, автор өз китебинде Эмилбек Каптагаевди Ысык-Көлдүн биосфера аймагын жетектеп турганда коорупциялык схемаларды түзүп миллиондогон сомдорду сол чөнтөккө салгандыгын жазган. Ал эми Каптагаев кийин ММКда Жапаровдун сөздөрүн "ушак жана жалган" катары атаган.

Жапаров өзүнүн "Ата Журттагы" партиялаштары жөнүндө, атап айтканда, мурда сот жообуна тартылган экс-спикер Ахматбек Келдибековду 2010-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда, "казак дос" деген бирөө берген партиянын акчаларын өзүнө ыйгарып алгандыгы тууралуу да жазган.

VB.KG редакциясы бул маселе боюнча түшүндүрмө берүүсү үчүн, экс-спикер Ахматбек Келдибековдун өзүнө кайрылганында, өзү жөнүндө Жапаровдун китебинде жазгандарынын кайсынысы чын жана кайсынысы жалган экендигин ачыктады.

Экс-спикердин айтымында, ал бул китепти толугу менен окуган эмес, бирок, мурдагы партиялашынын ал жөнүндө эмне деп жазганын билет.

-Анын жазганынын кайсынысы чын жана жалган экендигин Садыр Жапаров гана эмес, калгандарынын баары билет. Анда жазылгандардын баары жалган жана мен аны түшүндүрүп отургум да келбейт. Ал эмне максатты көздөгөнү мага түшүнүксүз, - деди ал.

Экс-спикер Ахматбек Келдибековдун Садыр Жапаров жөнүндөгү маегин толугу менен VB.KG редакциясынын репортажынан көрүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД