Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы: Депутаттын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жаткан

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда таңкы саат 4.30. чамасында Чолпон-Ата шаарына жакын жердеги жолдо "БМВ Х7" жана "Лексус ЕS330" үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан. Анын кесепетинин "Лексус" автоунаасынын айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү каза болушкан. "БМВ Х7" автоунаасы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековго тиешелүү болгон.

Ысык-Көл облусунун ИИББ басма сөз кызматынан VB.KG редакциясына билдиришкендей, жол кырсыгына "БМВ Х7" автоунаасынын айдоочусунун катуу ылдамдыкта айдап бараткандыгы себеп болгон. Дайындалган экспертизанын тыянагы боюнча, ал саатына 100 км ылдамыкта бараткан.

Белгилей кетсек, тергөөнүн маалыматы боюнча, жол кырсыгы учурунда "БМВ Х7" автоунаасын Токобековдун айдоочусу башкарып бараткан, ал эми депутат жүргүнчүнүн ордунда отурган.

Айдоочу Элдияр Халмурзаев Каракол шаардык сотунун чечими менен үй камагына алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД