Шайлоо-2020: Президент өзүнө "бийликтин партиясын" түзүп жатабы?

Өлкөдөгү бүгүнкү саясий абалдын өзгөчөлүгү катары, президенттин Жогорку Кеңеште өз партиясынын жок болуп жаткандыгы эсептелүүдө. 2020-жылы боло турган шайлоо мындай абалды өзгөртө алабы?

Эксперттер жакынкы убакта Кыргызстанда 2020-жылдагы шайлоого карата Жогорку Кеңеште депутаттардын тобун аныктоочу жаңы партиялар пайда болот деп эсептешүүдө.

Саясат таануучу Игорь Шестаков азыркы партиялардын шайлоочулардын добушун топтоо жана жетинчи чакырылышта орун алуу мүмкүнчүлүгү аз деп эсептейт.

-Бүгүн Жогорку Кеңеште иштеп жаткан партиялар элдин колдоосун жоготуп алышты. Өзүн-өзү таркатуу темасынын активдүү талкууланышынын да жөнү бар. Мунун өзү эле өткөн шайлоодо жеңип Жогорку Кеңешке келген баардык саясий бирикмелердин кадыры кетип калгандыгын билдирет. Ушул жылдар ичинде партиялар жана депутаттар натыйжасыз иштешти. Бүгүн коомчулук Жогорку Кеңештен жана партиялардан кандай пайда чыгаарын түшүнбөй турат.

Соцтармактарда партиялык системадан баш тартып жана бир мандаттуу шайлоого өтүүгө чакырышууда, - деген пикирин Игорь Шестаков VB.KG редакциясына билдирди.

Ал белгилегендей, жергиликтүү бир да партия бийликтин институту катары өзүн көрсөтө алган жок. Бүгүн Кыргызстанда "партия" деп, иш жүзүндө убактылуу кызыкчылыкты көздөгөн партиялык биригүүнү гана атап калышты. Лидер кетери менен, партия да тарап жок болууда.

-Алмазбек Атамбаев кызматтан кеткенден кийин КСДП кичине партизандык отряддарга бөлүнүп кулады. Бүгүн ал партия катары өзүн көрсөтө албай тургандыгы ачык болуп, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова сыяктуу Алмазбек Атамбаведин тарапташтары жана башка топтор гана калды. Алар кандайдыр бир саясий билдирүү жасаганы менен, олуттуу колдоо таба албайт болуш керек, - деп сөзүн улады Шестаков.

Саясат таануучунун пикири боюнча, Жогорку Кеңештин башка партияларында деле иштери жакшы жүргөн жок. Алардын эч бири шайлоочулардын олуттуу колдоосуна ээ боло албайт.

-"Кыргызстан" партиясы жакшы съезд өткөрүп, келерки шайлоого катыша тургандыгын билдиргени менен, дароо эле шайлоочулардын жемесине кабылды. Коомдук пикир аларды баш көтөргүс кылып салды. Бирок, эксперимент катары, алдыда дагы эмне болорун карап көрүү керек. Балким "акча мешоктору" өздөрүнө жол ачып кетиши да мүмкүн, - деди Шестаков.

Эксперттин пикиринде, Жогорку Кеңеште бүгүн жок, бирок, жер-жерлерде шайлоочулар менен иштеп жаткан партиялардын жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар.

-"Өнүгүү-Кыргызстан" партиясы жергиликтүү шайлоонун партиясы катары түзүлүп, эл менен сапаттуу иш алып барып, колдоого ээ болуп жана жыйынтыгында Жогорку Кеңешке өтүп үлгү көрсөтө алды. Бирок, кийин ал партиянын иши эмне болду, бул башка иш, - деди сөзүн улантып Шестаков.

Чоң саясатта жаңылардан "Мекеним Кыргызстан" жана "Биримдик" партияларын белгилеп айтсак болот. "Мекеним Кыргызстан" өзүн айрым региондордогу жергиликтүү шайлоолордо жакшы көрсөтө алды, бирок, андан ашыкчага күчү жетпеди. Бул партия жөнүндө маалымат аз. Бирок анын тизмесинин катарында курулуш бизнесинин өкүлдөрү көп болгондуктан, партиянын айрым мүчөлөрү Матраимовдордун үй бүлөсү менен байланышы бардыгын белгилешүүдө.

Дагы бир партия – "Биримдик". Жакынкы убактан бери аны КСДПнын депутаты Марат Аманкулов менен байланыштыра башташты. Бул партияга КСДП бөлүнгөндөн калган ксдпчылардын, анын ичинен президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун кошулаары айтылууда.

-Азыр алдын-ала жоромолорду айтуу кыйын, алар мындай иштерди өтө жашыруун жүргүзүшөт. Бирок мен өлкөдөгү бүгүнкү саясий абалдын өзгөчөлүгүнө көңүлдү бургум келет. Президент Сооронбай Жээнбековдун өз партиясы жок, эч бир партиянын мүчөсү эмес. Кыргызстанда мурда мындай көрүнүш эч болгон эмес, - деп сөзүн аяктады Игорь Шестаков.

Ал президенттин колдоосуна ээ болгондугу жөнүндө бир эмес, дароо эле бир нече партия билдирет, бирок, анын кайсынысын "бийликтин партиясы" деп атаса боло тургандыгы азырынча белгисиз, деген ишеничте.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД