Кыргызстанда согуш ардагерлеринин сыйлыктары менен соода кылышууда

Кыргызстанда кан төгүлгөн согушка катышкан ардагерлердин сыйланган орден, медалдары менен жөнөкөй бижутерия сыяктуу соода кылышууда. Мисалы, "За взятие Берлина" медалынын баасы болгону 500 сом турат. Ошондой эле базарда бул сыйлыктарга күбөлүктү да сатып алса болот.

Улуу Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун аскер формасына чыныгы согуштук сыйлыктарды тагып алуу модага айланып кетти. Ал эми издөөчүлөр Германияны бошотууда курман болгон аскерлердин, анын ичинен биздин жердештердин да көмүлгөн жерин ушул күнгө чейин издеп таба албай жүрүшпөйбү. Курман болгон аскерлердин туугандары алардын чоң атасынын ушундай сыйлыгы бар экендигин билишкенде кичинекей балдардан бетер кубанычка батышууда. Андан кийин Коргоо министрлигинен суранып жүрүп бул сыйлыкка күбөлүктү алышканына сүйүнүшөт. Ал эми биз болсок бул сыйлыктардын баркын билбей мамиле жасоодобуз.

Элдик жаңылыкты биздин окурман жазып жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД