Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат

Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Улуттук көркөм искусство музейинде Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр Союзунун күзгү көргөзмөсү ачылат. Бул көргөзмө Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналат.

Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылыгы республикабызда жакшы таанылган. Өлкөнүн маданиятына Сүймөнкул Чокморовдун киноролдору күчтүү таасир калтырды. Алардын ичинен эң белгилүүсү – "Караш-караш окуясындагы" Бактыгулдун ролу, ошондой эле "Жетинчи ок", "Дерсу Узала", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Кызыл алма" киноленталарында аткарган таланттуу ролдору мисал болмокчу.

1987-1991-жылдары Сүймөнкул Чокморов Кыргыз ССРинин сүрөтчүлөр Союзунун төрагасы болгон. Бул жылдар СССРдин таркашына туш келип, көркөм искусство үчүн жөнөкөй эмес убакыт эле. Сүймөнкул Чокморов көркөм искусствого ишенимин жоготпой, Кыргызстандын маданиятынын кызыкчылыгын аягына чейин коргоду.

Көргөзмөгө Сүймөнкул Чокморовдун чыгармаларынан тышкары, сүрөтчүлөр Докутрбек Кысамединов, Орозбек Молдобаев, Бакыт Мусаев, Жолдошбек Казакбаев, Бообек Арыков, Владимир Файзыев, Бахрамжан Темиров, Осмонбек Жунузалиев жана сүрөтчү-модернист Константин Шкурпела, галина Серебрякова, Абдысадыр Турусбеков, Сансызбек Мирзираимов, Дамира Касаболотовалардын эмгектери менен таанышууга болот.

Көргөзмө 2019-жылы 5-ноябрда саат 15.00. ачылат.

Иштөө мезгили – 2019-жыл 5-21- ноябрь.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД