Бишкекте 3 жашар бала унаа астында калды

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан 3 жашар бала унаа астында калды. Бул тууралуу VB.KG редакциясына ИИМ ЖКККББ басма сөз кызматы билдирди.

Окуя кече күнү, 3-ноябрда саат 15.30. чамасында шаардын Орозбеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда болгон. "Тойота Секвойя" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасын артты көздөй айдаганда 3 жашар баланы байкабай тебелетип алган. Наристе ооруканадан каза болду.

Бул факт Бишкектин Биринчи май райондук ИИБ Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Унаа айып аянтчасына токтотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД