Милиция күнүндө милиционерлер бир адамды сабап салышкан

Милиция күнү белгиленип жүргөн 1-ноябрда, Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынын 2 кызматкери автоунаа токтотуучу жайда бир адамды сабап салышкан. Жапа чеккен жаран арыз жазып милицияга кайрылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, окуя 1-ноябрда түн ортосунда болгон. Кемин РИИБге 28 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Анын айтымында, унаа токтотуучу жайдан белгисиз адамдар аны сабап, денесине жаракат келтирген. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынын кызматкери болуп иштеген эки жаран - 45 жаштагы У.А. менен 29 жаштагы С.Э кармалды. Бул иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши Чүй облусунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп, прокуратура органдарына өткөрүп берүүгө материалдар даярдалып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД