Кулматов менен Ибраимовду камакта калтыруу мөөнөтү узартылды

Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду камакта калтыруу мөөнөтү узартылды.

Жыйын залынан чыккан судья айыпталуучуларды 6-январга чейин камакта калтыруу тууралуу чечимин билдирди.

Эске салсак, Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго жемкорлукка байланышкан бир нече айыптар тагылууда. Бул иштердин бири-бирине байланышы жок болгондуктан, буга чейин айыптоочулар мурунку мэрлердин баш коргоо чарасын карап чыгуу тууралуу билдирүү жасашкан. Бирок сот бул арыздарды канааттандыруудан баш тарткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД