Жол кырсыгына кабылган Нина Кокош жардамга муктаж болууда

Бишкектеги аскер бөлүгүнүн китепканачысы Нина Кокош жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканада жатат. Ага кан куйуу керек болгондуктан, жардам берүү өтүнүчү менен 23565 аскер бөлүгүнүн штаб башчысы Садырбек Момуналиев бирге иштегендерге жана боорукер адамдарга кайрылуу жасады.

-Жолдош офицерлер, прапорщиктер жана сержанттар, ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн урматтуу ардагерлери, биздин мурдагы коллегабыз кырсыкка кабылып, ага кан куйуу керек болууда. Аны 6-ноябрда жолдо автоунаа урдуруп кетип, азыр 4-шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Нина Кокоштун ысмына канды Чынгыз Айтматов проспектинде (мурдагы Тынчтык проспекти) жайгашкан Республикалык кан борборуна тапшырсаңар болот. Кан тапшыргандан кийин справканы мага бергиле.

Нина Кокош биздин китепканада китепканачы болуп иштеген, анын өмүрлүк жолдошу Фрунзе-1деги биздин аскердик 55666 бөлүмүндө кызмат өтөгөн. Келгиле жолдоштор, ага ушундай кырсыкка кабылып, оор абалда калганында колдоо көрсөтүп, жардам берели.

Байланыш үчүн телефондор: 0550 44 49 13 (кызы Даша) же 0708 86 61 14 (подполковник Садырбек Момуналиев, 23565 аскердик бөлүгүнүн штаб башчысы), - деп кайрылды ал.

Элдик жаңылыкты подполковник Садырбек Момуналиев жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД