"Унаа" ишканасында мамлекеттик номерлер жок калышынын себеби эмнеде?

Акыркы күндөрү айдоочулар автоунааларга мамлекеттик номерлерди ала албай жүрүүдө. Алар редакцияга билдиришкендей, "Унаа" ишканасынан мамлекеттик номерлерди бере алышпагандыгын, анткени алар жок калгандыгын айтышкан.

"Унаа" мамлекеттик ишканасынын директору Алымжан Козубаев VB.KG редакциясына бул маалыматты тастыктады, бирок, бул ишкана номерлерди даярдоо менен алектенбестигин, айдоочуларга берилиши кызматын гана аткара тургандыгын белгиледи.

-Мамлекеттик номерлерди даярдоого "Инфоком" ишканасы жооптуу. Албетте, биз учурдагы абал боюнча аларга расмий кат жөнөттүк, бирок, азырынча жооп келе элек. Ишканада номерлер жок жана элден бул маалыматты жашыруунун да кажети жок - деди ал.

Ал эми "Инфоком" ишканасы бул абал боюнча түшүндүрмөнү азырынча бере элек. Мамлекеттик каттоо кызматынан VB.KG редакциясына билдиришкендей, номерлердин жок болуп жаткандыгы тууралуу суроолор көп, бирок, номерлер такыр жок деп айтууга болбой тургандыгын белгилешти.

-Бир нече жумадан бери автоунааларды каттоого алуу боюнча тынчсыздануулар байкалууда. Бул маселе автоунааларга карата бажы төлөмүнүн жогорулашына байланышкан. Жарандар жаңы автоунааларды алып келип жана аларды каттоодон өткөрүүгө аракет кылышууда. Учурда мамлекеттик номерлерди жасаган борбор күчөтүлгөн тартипте иштеп, эки кезмет менен эмгектенип жатышат, - деп айтылат МКК басма сөз кызматынын маалыматында.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД