Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде дипномерлүү машиналар көзөмөлгө алынды

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин дипномери бар автоунааларды башка адамдар башкарып жүргөндүгү боюнча ММКда берилген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу дипмиссиядан расмий билдиришти.

Берилген маалымат боюнча, Кыргызстандын Россиядагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Аликбек Жекшенкулов кызматка келээри менен, элчиликтин кызматкерлери курамынан комиссия түзүүнү тапшырган. Бул комиссия тарабынан дипломаттык номери бар автоунааларды текшерүүгө алынган.

Бүгүн элчиликтин эсебинде дипломаттык номери менен 24 автоунаа катталган. Анын ичинен элчиликтин автопаркында – 8 кызматтык автоунаа, Кыргызстандын Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы Башкы консулдугунда – бирден, Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлчүлүгүндө – 2 жана Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлчүлүгүндө – 1 автоунаа бар.

Ошондой эле элчиликтин кызматкерлери 6 жеке автоунаада дипломаттык номерди колдонушат. Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкеринде жана Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлчүлүгүнүн кызматкеринде – бирден, Кыргызстандын консулдарында – 3, анын ичинен Сахалинде - эки жана Хабаровскиде – бир номер бар.

-Кыргызстандын Россиядагы мурдагы элчиси Апас Жумагуловдун автоунаасына, ошондой эле Aston Martin үлгүсүндөгү автоунаасына берилген дипломаттык номерлер тууралуу ММКда берилген маалыматтар тастыкталган жок. Элчиликте дипломаттык номерлерди берүү тартиби коопсуздук маселесине жооптуу кызматкерлер тарабынан катуу көзөмөлгө алынган, - деп элчиликтен белгилешти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД