Футбол-2022: Бүгүн Кыргызстан – Япония курама командалары беттешет

Бишкек мэриясы футбол боюнча Кыргызстан – Япония курама командаларынын беттешүсүнө толук даяр болгондугун, муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командаларынын беттеши бүгүн, 14-ноябрда саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Беттешүү 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун алкагында өтөт.

Ошондой эле бүгүн саат 17:15те шаардын Эски аянтында Кыргызстан – Япония курама командаларынын беттешүүсү учурунда күйөрмандар-аянтчасы ачылат.

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери футбол оюну көрсөтүлүп жаткан учурда аянттагы тазалыкка кам көрүп турушат, таштандылар үчүн контейнерлер жана 20 биотуалет орнотулат.

Бишкек шаардык ЖКККББ маалыматы боюнча, болжол менен саат 14:00дөн баштап айрым көчөлөр убактылуу тосулат.

-Тоголок Молдо көчөсү - Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин;

-Фрунзе көчөсү - Исанов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин тосулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД