Футбол-2022: Кыргызстандык футболчулар япониялыктардан утулду

Кече күнү, 14-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командаларынын беттеши болду. Беттеш 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун алкагында өттү.

Оюндун жыйынтыгында япониялык футболчулар Кыргызстандын курама командасын 2:0 эсеби менен утуп алды. Голдорду япониялык оюнчулар Такуми Минамино (41 мин.) жана Генки Харагучи (53 мин.) киргизишти.

Кыргызстандын курама командасы алтынчы турдагы кийинки оюнду Тажикстандын футболчулары менен 19-ноябрда, Бишкекте өткөрөт.

Эске салсак, 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюндарында Кыргызстандын курама командасы F тайпасына туш келип, Япония Тажикстан, Монголия жана Мьянма командалары менен беттешүүдө.

Дүйнөлүк биринчиликтин финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар мамлекетинде өткөрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД