Унутулуп калган Советтер Союзунун Баатыры

18-ноябрда Советтер Союзунун Баатыры Михаил Шатовдун туулган күнүнө 100 жыл толот. Ал 1967-жылы 13-сентябрда Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Түндүк көрүстөнүнө коюлган. Энтузиаст-тарыхчылар анын юбилейине жетишпей калгандыктан, эми шашылбастан, жакшылап, Баатыр жашаган Исанов көчөсүндөгү № 2 үч кабат үйгө эскерүү тактасын орнотууну сунушташууда. Анан албетте, анын ысымы борборубуздун Жеңиш аянтындагы кыргызстандык Советтер Союзунун Баатырларынын тизмесине да киргизилиши керек.

Шатовдун – кыргызстандык Баатыр болгондугун далилдөөчү кайсы негизги документтер бар? Буга далил катары – 1965-жылы 10-майда басылып чыккан "Советская Киргизия" жана "Советтик Кыргызстан" гезиттеринде, Жеңиштин 20 жылдыгына карата баардык кыргызстандык – Улуу Ата Мекендик согуштун Баатырларын жана "Даңк" орденин толук ээлерин сыйлоо жөнүндөгү Кыркыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Указынын жарыяланышын айтууга болот. Ал кездеги республикалык жогорку сыйлык, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен Шатовду да сыйлашкан.

Советтер Союзунун Баатыры Михаил Шатовдун өмүрүнүн акыркы жылдары Кыргызстанда өткөн. 1963-жылы запастагы майор ден соолугуна байланыштуу үй бүлөсү менен Кировдон Фрунзеге көчүп келген.

Жолго чыгууга бат эле даяр болушту, аскер учкучунун жубайы, согуш жылдарынын медайымы Тамара мындай көчүп жүрүүлөргө көнүп да калган эле.

-Кана, балдар, - деди Шатов кызы Иринага жана эгиз балдары Владимир менен Александрга кайрылып, - жылуу жактарга баралыбы?

Баардыгы чогуу жашаган чоң өлкөдө көчүп жүрүү абдан жеңил болду: эч көйгөйү жок эле кировдук батирди фрунзеникине алмаштырып алышты эле, ошону менен баардык иш да бүттү. Шаардын Улуу Октябрдын 40 жылдыгы атындагы көчөсүндөгү ошол кездин шарты боюнча экинчи кабаттагы балкону бар эки бөлмөлүү батирге ээ болушту. Анын үстүнө жакшы кошнуларга да туш келишип, алар менен бат эле достошуп алышты.

Шатов республикалык Энергосбытка ишке орношуп, жакшы жумушчу деп эсептелип жүрдү.

1967-жылы 13-сентябрда майордун жүрөгү сокпой калганда, ал 48 жашка да толо элек болчу. Уктаганы жаткан, ошол боюнча ойгонбой калды. Дарыгерлер анын жубайына жана балдарына: "Согуш жылдарында учкучтун милдетин аткаруунун оордугу себеп болду", - деп түшүндүрүштү.

Баатырга акыркы аскедик ызат көрсөтүү иш-чарасы фрунзелик башкы көчөдөгү Офицерлер үйүндө жана Түндүк көрүстөнүндө өткөрүлдү. Ошол кезде биздин өлкөдө бир нече жылдардан кийин Шатовду такыр унутушуп жана анын ысымы Баатырлардын тизмесине кокусунан киргизилбей калаары эч кимдин оюна да келбесе керек.

Фрунзедеги 38-мектептин аскердик музейинде Михаил Шатовдун урматына арналган аза күтүү митингисинде анын өмүр баянынан төмөндөгүдөй фактылар айтылган. Ал 1919-жылы 18-ноябрда вяткалык кичине шаарча Орловдо төрөлгөн. Жогорку класстарда окуп жүргөндө математика сабагын жакшы көргөндүктөн, Киров педагогикалык институтунун физико-математикалык факультетине тапшырган. Аны менен бирге 1940-жылы аэроклубда окуп бүтүргөн, ал эми жогорку окуу жайындагы математика боюнча сабактарды токтотууга туура келди.

"Сиз тезинен Биринчи Чкаловдук авиация училищасына келүүгө тийишсиз" – мындай буйрукту талкуулоого болбойт эле.

Улуу Ата Мекендик согуш башталгандан кийин училищаны Чкалов аскердик-авиация учкучтар мектеби кылып түзүшкөн. Бул жерде Шатов учактардын бир нече түрүндө учууну жакшы өздөштүргөндүктөн, аны тажрыйбалуу учкуч катары даярдай башташты.

1943-жылы май айында анын согуштук өмүр баяны башталды. Катардагы учкучтан эскадрильянын командирине чейин өстү. Гвардиялык Ленин ордендүү, Кызыл туулуу Севастополдогу чабуул койуучу авиациялык полку анын өз үйү болуп калды.

Согушка катышканына туура эки жыл болгондо, Михаил 152 согуштук учууну аткарды. Кубань, Крым, Белоруссия, Чыгыш Пруссия, Польша, Германиядагы аба согуштарына катышты.

Бир жолу душмандын аскердик техникасы чогулган жерге чабуул жасоо учурунда, Шатовдун учагына зениттик снаряд тийип, күйө баштады. Учкуч өрттүн жалынын өчүрүүнү көздөп учагын башкарып, бомба таштоону уланта берди. Учактын ичиндеги бомбалар жарылып кетүү коркунучу алдында, учакты кинодогудай чимирилтип башкарып жүрүп отурду.

Анын оор учакты башкарып, фашисттердин жеңил учактарына каршы аба согушун улантып жүргөнүнө авиаполктогу жолдоштору да таң калышты. Михаил душман учактарынын маңдайдан аткан окторунан буйтап гана өтпөстөн, алардын эки учагын тең атып түшүрдү.

44-жылы сентябрь айында командирлер Шатовду Баатырдык наамга көрсөтүштү. Ал эми мунун баардыгы анын көрсөткөн эрдигин баяндамакчы: "Фашисттерди аянбастан Кубанда, Крымда жок кылып, аябаган жек көрүү менен аларга Советтик Белоруссиянын жеринде сокку урду.

Душмандын 15 танкасын, 63 автоунааны, күйүүчү майы бар 18 цистерананы, 11 абадагы техникага каршы колодонулчу артиллерияны, 5 ок атуучу жайды, 12 зениттик артиллерияны, 35 темир жол вагонун, 2 согуштук техника жүктөлгөн эшелонду, 2 баржаны, 2 паровозду, жерде конуп турган 10 учакты, 850 офицер жана солдатты жок кылды".

Жогорку сыйлык Баатырды 1945-жылы 23-февралда тапты. Полкто эки майрам катары менен, Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын күнү жана Шатовдун "Алтын Жылдыз" менен сыйланышы белгиленди. Ал эми 45-жылы 9-майда Шатов өз полкунун баардык офицерлери менен, Берлиндеги талкаланган рейхстагдын кире беришиндеги тепкичтеринде фотосүрөткө түштү. Снаряд жана октор тийип, сыйрылган чон колонналардын биринде: "Баатыр учкучтар…", "Берлинге чейин учуп келдик!" деген кол менен чийилип жазылган жазуулар пайда болду.

Согуштан кийин Шатов Аскердик-аба академиясында окуду. Фронтто артыкчылыгын көрсөткөн реактивдуу истребителдерди башкарып учуп жүрдү. Бирок, фронтто айырмаланган темирдей ден соолугу начарлай баштаган эле.

Туура айтылган пикирлер

Тарыхчы-архивист, Архив иштеринин отличниги, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Айгул Карымсакова:

-Албетте, тарыхый тастыктоочу так документтер бар болгондуктан, Михаил Шатовдун ысымы менен "Жениш" аянтындагы кыргызстандык-Советтер Союзунун Баатырларынын тизмесин толукташ керек. Ошону менен бирге ал жашаган Исанов көчөсүндө (мурдагы Улуу Октябрдын 40 жылдыгы атындагы) кыргыз жана орус тилдеринде жазылган эскерүү тактасын орнотуу зарыл.

Чон-Арык аймактык башкармалыгындагы Тарыхый музейдин директору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, билим берүүнүн отличниги, ардактуу ардагер Калбүбү Менсеитова:

-Жакында биз, тарыхчы-энтузиасттар, Советтер Союзунун Баатыры Евдокия Борисовна Паського (1917-2017-жж..) арналган иш-чарага, анын туулуп өскөн айылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Липенка айылында активдүү катыштык. Менин оюмча, кечигип болсо да, Шатовдун туулган кунунун 100 жылдыгын – Исанов көчөсүндөгү үйгө эскерүү тактасын орнотуу менен белгилесек туура болот.

Александр Шатов, Баатырдын уулу, ардагер:

-Михаил Григорьевичтин уулдарынын ичинен мен жалгыз калдым. Анын укум-тукумдарынын атынан Бишкекте эскерүү тактасын орнотуу маселесин көтөрүп жаткан кыргыз тарыхчыларына чоң ыраазычылыгымды билдиргим келет. Биздин абдан жакшы кошуналарыбыз, алардын арасында эл жана эмгек сиңирген артисттер, белгилүү спортчулар, илимпоздор бар болчу. Тилекке каршы, алардын эч кимисине Исанов көчөсүндөгү № 2 үйдө эскерүү такчалары орнотулган жок. Ошондой болсо да, менин атамдын 100 жылдык юбилейине карата орнотула башталганы жаткандыгы адилеттүүлүктү билдирмекчи. Айтмакчы, Фрунзе-Бишкекке көчүп келгенге чейин биз жашаган Вяткадагы үйдө (Кировдо) мындай такта орнотулган. Ал тактанын орнотулушуна арналган иш-чарада: " Шатовду Кыргызстанда да эстеринде сакташууда" деп айтышкан.

Текстти улай

Ошол кездеги согушта кыргызстандыктардын арасынан гана эмес, жалпы советтик солдаттардын ичинен, Фрунзе шаарынан аскерге чакырылган Николай Дмитриев биринчи болуп Баатыр наамын алган. Анын артиллериялык расчету согуш башталгандан кийинки 19-күнүндө Минск-Москва шоссесинде бир нече танканы жок кылган. Башка солдаттардын баары курман болуп, Дмитриев жалгыз өзү жарадар калып, эс-учун жоготуп жыгылганча, дагы төрт танканы жок кылганга үлгүргөн.

Кыргыз ССРинин мурдагы аскердик комиссары, генерал-майор Иван Панфилов 1941-жылы 18-ноябрда Москванын алдындагы салгылашууда оор жаракаттан курман болуп, сөөгү Новодевичьи көрүстөнүнө коюлган. 1942-жылы 7-ноябрда Фрунзе шаарында генералга арналып тургузулган эстелик Советтер Союзунун Баатырына арналган биринчи монумент болуп калган.

Кызылармиячы Чолпонбай Түлөбердиев 1942-жылы 6-августта Воронеждин алдындагы салгылашууда өз денеси менен душмандын амбразурасын тосуп, боордоштордун көрүстөнүнө коюлган. Ага арналган эстеликтер Кыргызстанда жана Россиянын Воронеж облусунда тургузулган.

Өлгөндөн кийин баардык 28-панфиловчулар сыйлыкка көрсөтүлгөн катары эсептелип келген, анын ичинен жети кыргызстандык, Дубосеково жолунун айрылышында: Николай Ананьев, Григорий Конкин, Иван Москаленко, Григорий Петренко, Дүйшөнкул Шопоков баатырдык менен курман болушкан. Бирок курман болду деп эсептелип келген Григорий Шемякин оор жаракат алгандан кийин аман калып, дагы бир жыл бою согушка катышууга үлгүргөн.

Ал эми сержант – токтомоктук Иван Добробабинге баарын башынан өткөрүүгө туура келген. Дубосеководогу ошол салгылашта ал жаракат алган. Иван туткунга тушуп, андан качып чыгып, басып алынган Харьковдун аймагындагы Перекоп айылында полицейский катары кызмат өтөп, партизандарга жардам берип турган. Кызыл Армия кайра келгенде, текшерүүдөн өтүп, согушту улантып, Даңк орденин 3 даражасы менен сыйланууга татыган. Бирок, согуштан кийин Харьковдун аскер трибуналы аны бул ордендеринен жана Баатыр Жылдызынан ажыратып, панфиловчуну "чыккынчылыгы үчүн" 8 жыл лагерге жөнөтүп жиберген. 1993-жылы гана Украинанын Жогорку соту ошол адилетсиз чечимди жокко чыгарган.

Бирок, ага Баатырлык наамды кайтарып берүү камылгасы кечигип калды. 1996-жылы Добробабин дүйнөдөн кайтты. Ал көз жумгандан көп өтпөй, Сажа Умалатова башында турган СССР эл депутаттарынын Съездинин туруктуу президиуму ага Советтер Союзунун Батыры наамын кайтарып берген.

***

Кыргызстандык Баатырлардын көпчүлүгү катардагы аскерлер, же ошол кезде атап жүрүшкөндөй кызылармиячы аскерлер болушкан. Бирок, аскердик жогорку наамдагы Баатырлар да бар. Бир кездеги жалгыз жердешибиз – Генерал Панфиловго, кийин генералдык погондорду алышкан жана жакында эле дүйнөдөн кайтышкан армиянын генералы Николай Лященко, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков, генерал-майор Дайыр Асановдор кошулушту.

Жакында Москвада биздин аялдар арасындагы Советтер Союзунун Баатыры, Ысык-Көлдүн Липенка айылындо төрөлгөн, мурдагы аскер учкучу Евдокия Пасько жана Таласта төрөлгөн, мурдагы аткычтар ротасынын командири Василий Петрищев дүйнөдөн кайтышты. Алматыда эки жолу "Алтын Жылдызга" татыктуу болгон жалгыз кыргызстандык, Пишпекте төрөлгөн учкуч, генерал-лейтенант Талгат Бегелдинов дүйнөдөн кайтты.

Ал эми кыргызстандык Баатырлардын хронологиялык акыркысы, шаардын четиндеги Беш-Күңгөй айылында төрөлгөн учкуч Исмаилбек Таранчиев болуп калды. Ал 1944-жылы 18-мартта Нарванын алдындагы салгылашууда, күйүп бараткан учагын фашисттердин топтолгон техникасына багыттаган. Бирок сыйлык аны 1991-жылы гана тапкан. Ошол кездеги СССРдин президенти Михаил Горбачев тарыхтагы эң акыркы указдардын бирине кол коюп, ага өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген.

Согуштун жана эмгектин республикалык ардагерлер кенешинде, Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарында, Советтер Союзунун Баатыры Михаил Шатов жөнүндөгү документтерге бир нече жылдардан бери эле абдан кызыгып келишкен.

Бул кеңеште издоо иштерин дайыма көп жүргүзүп келишүүдө. Акыркы жылдары эле Улуу Ата Мекендик согуштун фронтуна чакырылып, салгылашуу талааларында курман болуп жана дайынсыз жоголгон дагы 2 миндей кыргызстандыктардын аты-жөнү аныкталгандыгын айтуунун өзү жетиштүү. Бул мурда басылып чыгарылган "Республикалык Эскерүү Китеби" томдоруна толуктоо болуп калды. "Эскерүү Китебинин" редакциялык коллегиясына документтерди чогултууда борбордук мамлекеттик архивдер, Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз-Россиялык Славян университети, Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы жана башка структуралар чоң жардам беришти. Мындай иштер баардыгына көп жылдарга чейин жетишет.

… Жакында ачыкка чыгарылган маалыматтардан ушул кезге чейин кан агып жаткандай сыяктанат. Белгилүү болгондой, 1941-жылы Фрунзенин авиаучлищасынан да эски учактардан түзүлгөн бир нече эскадрилья фронтко жөнөтүлгөн экен. Биздин жаш учкучтардын баардыгы биринчи эле согушта курман болушуптур. Алардын аты-жөнү ушул кезге чейин такталууда.

Булак: "Вечений Бишкек" гезити

Фотосүрөт Шатовдордун үй бүлөлүк архивинен алынды


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД