Төрөбай Зулпукаров: Сопоковду тааныбайм деп айтсам, туура эмес болуп калат

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы Башкы консулу Эркин Сопоковдун уулу Азамат чынында эле анын жардамчысы болуп иштегендигин тастыктады. Бул тууралуу ал racurs.kg сайтына билдирди.

Депутат берген маегинде, Азамат мурда КСДПнын катчылыгында иштегенин, андан кийин анын жардамчысы болгондугун белгиледи. Атасына байланышкан чатактан кийин, ал жумуштан бошотуу тууралуу арызын жазып кеткен.

Ошондой эле Төрөбай Зулпукаров өзүнүн Эркин Сопоков менен тааныштыгы боюнча түшүндүрмө берди.

-Мен Эркин Сопоковдун кайын атасы, акын Эгемберди Эрматовду жакшы билчүмүн. Бир кезде биз Жогорку Кеңеште депут болгонбуз. Ошондуктан мен Эркин Сопоковду тааныбайм деп айтканым туура эмес болуп калат, - деп басылмага берген маегинде белгиледи Зулпукаров.

Белгилей кетсек, Эркин Сопоков Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдук кызматынан, уйгур тектүү КЭР жараны Айеркен Саймаитиге куралдуу кол салуу болгон жерде, анын дипномерлүү "Range Rover" үлгүсүндөгү автоунаасы, анын ачкычы каза болгон адамдын чөнтөгүнөн табылгандан кийин бошотулган.

Ал эми Сопоковдун өзүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен байланыштырып, "Кыргызавтомашта" анын айдоочусу болуп жүргөндүгүн айтылууда. 2010-жылдан кийин Сопоков Салык кызматында жана президенттин администрациясында жооптуу кызматтарда иштеп, андан кийин Стамбулда Башкы консулдук кызматка дайындалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД