Активисттер УКМК жетекчилигин отставкага кетирүүнү талап кылышты

Активисттер УКМКнын жетекчилигин отставкага кетирүүнү талап кылуу менен, интернетте билдирүү таратышып жана жарандарын колун топтошууда. Кече күнү, 18-ноябрда Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, Бурул Макенбаева, Гүлнара Журабаева өздөрүнүн кайрылуу тексттерин таратышты.

Ошону менен бирге алар пара алуу боюнча козголгон кылмыш ишинде далил зат катары УКМКнын сейфинде алынган 200 миң доллардын жоголушу тууралуу маселени көтөрүштү. ММКда берилген жаңылыктар боюнча, акча каражатын тергөөчү алып, казинодо уттуруп койгон.

-Жоголгон долларлар пара алуу боюнча козголгон кылмыш ишинде далил зат катары алынган. Параны Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо Башкармалыгынын башчысы алган. Кылмыш иши сотко өткөндөн кийин далилдүү заттар да сотко өтүшү керек эле, бирок, табышмактуу жайда сотко өтпөй калган.

Бул коомчулукка белгилүү болгон окуянын бирөөсү гана. Ушуну менен бирге УКМКнын бюджети Жогорку Кеңеш үчүн да жабык бойдон калууда, - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД