Күйүүчү майларын мыйзамсыз сатып жаткан жайлар аныкталууда

ЭКККМК күйүүчү-майлоочу майлары мыйзамсыз сатылып жаткан жайларды аныктоо иштерин активдүү жүргүзүүдө. Бирок, азыркы убакта Чүй облусунун аймагында мындай жайлар көп болгону менен, Бишкекте жол боюндагы сатылуучу "точкалардын" азайып калгандыгы байкалууда. Ал эми Токмок менен Кара Балтада тескерисинче, күйүүчү-майлоочу майлары мыйзамсыз сатылган жайлар көбөйүүдө.

VB.KG редакциясынын акыркы кабарларынан кийин, жарандар күйүүчү-майлоочу майлардын мыйзамсыз сатылып жаткан жайлардын фотосүрөттөрүн жана даректерин активдүү түрдө жибере башташты.

Алардын айтымында, Бишкек-Токмок жолунун четиндеги "Народный" дүкөнүнүн жанындна (Жантаев жана Заводская көчөлөрүнүн кесилиши), Токмок шаарына кире бериштеги Автобекеттин жанында, Чүй айылындагы Ибраимов жана Покровская көчөлөрүнү кесилишинде, Чүй облооруканасы менен Чайная көчөсүнүн жанында күйүүчү-майлоочу майды канистр жана бөтөлкөгө куюп сатышууда.

Кара Балта шаарында мындай "точкалар" Жайыл Баатыр" көчөсүндө, жарманкенин жанында, Садовая көчөсүндө, "Курулуш" базарынын жанында, Жайыл Баатыр көчөсүндө жайгашкан "Жылдызкан" кафесинин жанында жайгашкан.

Новониколавека айылындагы Энегльс көчөсүндөгү № 30 үйдө да сатылууда.

Бишкек шаарынын жашоочулары Кустанай жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги № 164 маршруттук таксинин акыркы токтоочу аялдамасында жана Дэн-Сяопин көчөлөрүндө сатылып жаткандыгын билдиришти.

ЭКККМК бул жиберилген жаңы даректер жана фотофактылар боюнча иш алып барып, контрабандалык күйүүчү жана майлоочу майлар сатылган кооптуу жайларды алып таштайт деген ишеничтебиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД