Асылбек Дамирбек уулу Кыргызстанга алынып келинди

Алматы соту тарабынан аткезчилик үчүн соттолгон мурдагы депутат Асылбек Дамирбек уулу Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу АКИпресс билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Дамирбек Асылбек уулун Кыргызстанга 19-ноябрга караган түнү алып келишкен.

Буга чейин Алматынын аппелляциялык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун ишин карап чыгып, "улуттар аралык уюшкан топко же улуттар аралык кылмыштуу топко катышуу жана башкаруу" жана "экономикалык аткезчилик" боюнча айыптап, 10 жылга эркинен ажыраткан.

Эске салсак, 2018-жылдын 15-16-февраль күндөрү Казакстандын Улуттук коопсуздук жана улуттук бюро комитетинин көзөмөл органы бажы тармагындагы коррупцияны, ошондой эле өлкөнүн чек ара аймагында аткезчилик менен алектенген уюшкан кылмыштуулукту токтотуу максатында Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында чоң масштабдуу операция жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулунан тышкары 11 адам кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД