Исхак Масалиев: Абылгазиевдин өкмөтү отставкага кетиши керек

Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү өз милдеттерин аткара албай жатат, ошондуктан отставкага кетиши керек. Бул тууралуу VB.KG редакциясына Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

-Жакында парламентте бюджеттин аткарылышы боюнча маселе каралды. Анда билингедей, төрт жылдан бери бюджет аткарылбай келиптир. Үстүбүздөгү жылы май айына чейин "Чыгымдар" статьясындагы капиталдык салым боюнча өкмөткө бир да тыйын түшкөн эмес. Жүз миллиондогон инвестициянын чет жакка кетип жаткандыгы байкалууда. Бул үчүн жооп бериш керек. Бул боюнча менин бир гана билдирүүм – өкмөт отставкага кетиши керек, - деп белгиледи Исхак Масалиев.

Эске салсак, депутаттар Жогорку Кеңештин отурумунда "Кыргыз Республикасынын 2018-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун бекитүү" мыйзам долбоорун карап чыгышты. Мыйзам долбоору боюнча маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева беришти.

Айрым депутаттар жылдын акырына чейин миллиарддык сумманы өздөштүрө албаган аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүштү.

-2018-жылдын башында бюджетте 8,5 млрд сом калган, жылдын аягында 11 млрд сомго жетип отурат. Ушуну менен бирге Каржы министрлиги 18,5 млрд сомго баалуу кагаздарды чыгарган, - деди Кенжебек Бокоев.

Ал эми Бакыт Төрөбаев өздөштүрүлбөгөн каражаттарды бюджет боюнча мыйзам нормасынын аткарылбагандыгы катары эсептеп жана өкмөттүн жоопкерчилигин карап чыгууну белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД