Кыргызстан менен Тажикстан командаларынын оюну тең чыгуу менен аяктады

Кече күнү, 19-ноябрда Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренасында болгон Кыргызстан менен Тажикстан футбол боюнча курама командаларынын беттеши 1:1 эсебинде, тең чыгуу менен аяктады.

2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун алкагында өткөрүлгөн беттеште биринчи голду (16-мин.) тажик футболчусу Жахонгир Эргашев киргизди. Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев эсепти (83-мин.) теңеди.

Акыркы жылдары Кыргызстандын курама командасынын футболчулары эл аралык аренда ишеничтүү ойной башташты. Буга мисал катары, үстүбүздөгү жылдын январь айында Азиянын Кубогу үчүн болгон оюндарда кыргызстандык футболчулардын жетишкен ийгилигин айтсак болот.

Тандоо оюндарынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилип калган эле. Кийинки эки оюнду кыргызстандык футболчулар Мьянма курама командасын 7:0 жана Монголияны 2:1 эсебинде утуп алып, бирок, өз таласында Япония командасына 0:2 эсебинде утулуп калды.

Ал эми өткөн жумада Тажикстандын командасы Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилген. Ошондуктан кече күндөгү оюнда эки командага теү утуш керек болчу. ММКларда да бул беттешүүнү Кыргызстан – Тажикстан командалары үчүн чечүүчү катары атап келишкен эле.

Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беш оюндан кийин F тайпасында жетиден упай топтоп, тайпадагы 2-орун үчүн дагы да болсо ат салышууга мүмкүнчүлүгү бар.

Бүгүн Мьянма менен Монголия командалары Мьянманын Мандалай шаарында беттешип, талаа ээлери 1:0 эсебинде жеңишке жетти.

Учурда бул тайпада Жапониянын курама командасы төрт оюндан кийин 12 упай менен биринчи орунда бара жатат. Ал эми калган командалар ушул күнгө чейин бештен оюн ойношту. Эсебинде 7 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан (7 упай) үчүнчү орунду сактап турат. Мьянма 6 упай, Монголия 3 упай топтоду.

Кыргызстандын курама командасы кийинки оюнду 2020-жылдын 31-мартында Мьянмада өткөрөт.

Эске салсак, 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюндарында Кыргызстандын курама командасы F тайпасына туш келип, Япония Тажикстан, Монголия жана Мьянма командалары менен беттешүүдө.

Дүйнөлүк биринчиликтин финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар мамлекетинде өткөрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД