УКМК: 200 миң доллар жоголгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

УКМК кылмыш далили болгон 200 миң доллардын жоголгонун четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо Башкармалыгынын мурдагы башчысы Улан Чалбаевдин пара алуу боюнча кылмыш ишинин алкагында алынган акча каражаты мамлекетке киреше катары алынып, бул боюнча токтом менен чечим чыгарылган.

-Буга байланыштуу 200 миң доллар жоголгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын белгилейбиз. Бул абалды атайын жаратып, УКМКнын жетекчилигин жана улуттук коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүн коомчулук алдында каралоо үчүн таратып жатышат", - деп айтылат маалыматта.

УКМК эске салгандай, Кыргызстандын жарандарынын суроо-талаптары боюнча керектүү маалыматты тактоо боюнча, анык жана расмий маалыматтарды берүүчү тиешелүү мамлекеттик органдар бар.

Белгилей кетсек, буга чейин ММК жаңылыктарында УКМК сейфинен далил катары сакталган 200 миң доллар уурдалганы кабарланган. Ал акчаны коопсуздук кызматынын кызматкери казиного уттуруп койгондугу дагы айтылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД