Гонконгдон дагы 27 кыргызстандык студент Бишкекке алынып келди

18-19-ноябрь күндөрү авиакаттам менен дагы 27 кыргызстандык студент Сянгандан (Гонконг) Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргызстандык студенттер Бишкекке Алматы жана Москва каттамдары аркылуу учуп кетишти.

Калган студенттерди Сянгандан 21-21-ноябрда чыгарып кетүү пландалууда.

Эске салсак, Гонконгдо бир нече айдан бери нааразычылык акциялары өтүп, анын катышуучулары менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болууда. Өткөн жумада кыргызстандык үч студент өз мекенине кайтып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД