ЕАК Кеңеши унаа бажы төлөмүнө жеңилдик мөөнөтүн узартууну колдогон жок

Кыргыз Республикасына жарандар аркылуу жеке пайдаланууга ташылып келген унаа каражаттарына бажы алымдарынын коюмунун мөөнөтүн узартуу демилгесин Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлөрү колдогон жок. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул маселе Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Москва шаарындагы кезектеги жыйынында каралды. Жыйынга Кыргызстан тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков катышты.

Кыргызстандын демилгеси менен күн тартибине төмөндөгү маселелер киргизилген:

-ЕАЭБ өнүктүрүү институтун түзүү;

- Кыргызстанга жеке пайдаланууга ташылып келген унаа каражаттарына бажы алымдарынын коюмунун мөөнөтүн узартуу;

-ЕАЭБ бажы өткөрмө пукттарында өч ирет көзөмөл жүргүзүү.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү унаа каражаттарына бажы алымдарынын коюмунун мөөнөтүн узартуу боюнча демилгени колдошкон жок.

-ЕЭК кеңешинин жыйынынын күн тартибине киргизилген маселелердин көптүгүнө байланыштуу айрым маселелерди кароого бөлүнгөн убакыт жетпей, айрым маселелер кийинки кезектеги жыйынга жылдырылды. Анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин бажы өткөрмө пункттарында үч ирет көзөмөл жүргүзүү, ЕАЭБ өнүктүрүү институтун түзүү маселелери бар, - деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Андан тышкары комиссиянын кеңешмесинде ички рыноктун иштеши, миграция, техниканын, баалардын жөнгө салынышы боюнча маселелер талкууланды.

ЕАЭБ Кеңешинин жыйынын жыйынтыгы боюнча бир нече документтер кабыл алынды:

- Атыр жана жыпар жыттуу сууларга, шиналарга жана пневматикалык резина дөңгөлөктөргө, фотокамераларга (кинокамерадан башка), фото жарыктарга жана жарык шамдарга, жеңил өнөр жай продукцияларынын айрым позицияларына идентификациялоо каражаттары аркылуу милдеттүү түрдө маркалоо киргизүү жөнүндө;

- Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламентинин талаптарына жооп бербеген продукциялар тууралуу маалымдоо тутумун түзүү боюнча пилоттук долбоорду мындан ары карай ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө;

- Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламентинин иштеп чыгуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

Ошондой эле Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк соода уюмундагы Кыргыз Республикасынын тарифтик милдеттемелерин кайра карап чыгуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн сүйлөшүү делегациясынын курамын өзгөртүү ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жактырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД