Чыныбай Турсунбеков: Мелис Аспеков мени опузалап, акча талап кылган

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков активист Мелис Аспековду кылмыш жообуна тартуу боюнча арыз жазып УКМКага кайрылды. Эл депутатынын арызынын фотосүрөтү elet.media сайтында жарыяланган.

Депутат өзүнүн арызында, Мелис Аспеков андан 11 миң доллар сурагандыгын билдирген.

-2019-жылы 4-июндан 9-сентябрга чейинки мезгилде Аспеков опузалоо менен, менден акча каражатын талап кылып, эгер ага 11 миң АКШ долларын бербесем, мен жөнүндө такталбаган жана абройумду каралаган маалыматты ММК жана Интернет аркылуу жарыялап жана таратып жиберем деп коркуткан. Мен талап кылынган сумманы берүүдөн баш тарткандан кийин, М. Аспеков коркутуусун аткарып, ал тараптан мен жөнүндө такталбаган маалыматтар жазылып жана таратыла баштады, - деп айтылат Чыныбай Турсунбековдун арызында.

Арыз 2019-жылы 18-сентябрда жазылган.

Белиглүү болгондой, Чыныбай Турсунбеков Кыргызстанда ийгиликтүү бизнесин негиздеген. Анын ири бизнес-долбоору болуп – "Акун" заводу саналат. Акыркы жылдары ишкананы жетектөө менен анын үй бүлө мүчөлөрү жана ишенимдүү адамдары алектенишет.

Белгилей кетсек, 2019-жылы жайында активист Мелис Аспеков соцтармактарда 2011-жылы Бишкектин ликер-арак заводунун арзан баада сатылышына Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун тиешеси бар деген сыяктуу теманы активдүү козгой баштаган.

Бир нече жыл мурда укук коргоо органдары бул иш боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп, бирок, мыйзам бузулгандыгы далилденбей жабылган болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД