Бишкекте баңги заттарынын жарнамасы жазылган баннерлер жайгаштырылды

Кыргызстанда баңги заттарын жарнама кылган баннерлер пайда болду. Мындай коркунучтуу жарнама эл көп жүргөн Бишкектин Курманжан Датка көчөсү жана Чүй проспектинин кесилишинде жайгаштырылган. Буга VB.KG редакциясынын кабарчылары да күбө болушту.

Баннерде синтетикалык баңги заттарын сатып алууга мүмкүн болгон QR-коду жана сайттын аталышы көрсөтүлгөн. Анын үстүнө баңги заттарынын түрлөрү да көп. Наркодилелер кардарларды iPhone утуштуруу жана "жылмайган" жарнаманын жанында туруп фотосүрөткө түшүрүү менен кызыктырышат.

Мындай жарнама жакында эле Казакстандагы Алматы шаарында да пайда болгондугун белгилей кетүү керек. Бул тууралуу Tengrinews басылмасы билдирген. Анын үстүнө наркобаннердин көрүнүшү жана конкурстун шарты кыргызтандыкына окшоп турат. Казакстандык соцтармактын колодонуучуларынын маалыматы боюнча, мындай баннерлер Нур-Султан, Караганда, Шымкент, Усть-Каменогорск шаарларында, биздин республикада жана Өзбекстанда жайгаштырылган.

Казакстанда мындай коркунучтуу жарнаманы алып ташташууда.

Коңшу мамлекеттеги тааныштар редакциянын кабарчыларына жайгаштырылган баннерлердин көрүнүшү жана мазмуну окшош экендигин тастыкташты.

Эми биздеги мындай көрүнүшкө ИИМ Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү кызматынын жасаган реакциясын күтөбүз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД