Алтынбек Сулайманов: Айрым күчтөр мени каралоого аракет кылышууда

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда айрым депутаттар Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланышкан окуяны иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунушташты. Баарынан кызыгы мындай демилгени ММК ысымдарын Турцияда каза болгон жаран менен байланыштырган парламент депутаттары көтөрүп жаткандыгында болду.

"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдиргендей, айрым күчтөр элдин көңүлүн башкага буруу үчүн, депутаттарды каралаган сөздөрдү айтышууда.

-Коомчулукта Саймаитинин ким экендиги, анын паспортту кантип алгандыгы, эмне үчүн дипномерлүү автоунааны айдап жүргөндүгү тууралуу көп суроолор пайда болууда. Айрым күчтөр депутаттарды каралап, элди алаксытуу аракетин жасашууда. Менин оюмча, Турциянын парламенти жана тергөө органдары менен бирге иш жүргүзүү керек. Эл укук коргоо органдарына ишенбей жатат, ошондуктан бул маселе менен депутаттардын алектенгени оң, - деп белгиледи Сулайманов. Ал ошондой эле фракция депутаттык комиссия түзүү боюнча чечимин даярдаганын билдирди.

Коллегасынын сунушу мененТөрөбай Зулпукаров да макул болду. Эске салсак, ал жакында эле Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы Башкы консулу Эркин Сопоковдун уулу анын жардамчысы болуп иштегендигин тастыктаган.

-Комиссия депутаттар жөнүндө туура эмес маалыматтарды таратып жаткандарды аныктап жана Саймаити Кыргызстанда кимдер менен жакын мамиледе жана кандай байланышта болгондугун иликтеп чыгышы зарыл. Коомчулукка так жана туура маалымат берилиши керек, - деп сөзүн жыйынтыктады Зулпукаров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД