Казакстандын президенти мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келет

Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаев 27-ноябрда мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

-Иш сапардын алкагында кыргыз-казак кызматташтыгы боюнча пикир алмашуу болот. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган эки тараптуу бир нече документке кол коюу пландалып жатат.

Анын ичинен чек ара кызматташтыгы, миграция, саламаттыкты сактоо, транспорт жана башка тармактар боюнча документтерге кол коюу күтүлүүдө. Мындан тышкары иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын өлкөлөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму өтөт. - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД