Борбордук Азиянын баскетболчулары Бишкекте чогулушат

20-декабрда Бишкекте баскетбол боюнч улуттар Лигасы деп аталган биринчи турнир өткөрүлөт. Бул мелдешке Борборлук Азиянын кыздар арасындагы командалары катышмакчы.Кыргызстандын баскетбол боюнча кыздар командасынын машыктыруучусу Сергей Носков VB.KG редакциясына билдиргендей, мындай чечимди бул сорт түрүнүн Федерациясы кабыл алган.

-Бул турнирди өткөрүү демилгесин Кыргызстандын баскетбол Федерациясы кабыл алды, - деди Сергей Носков сөзүн улап, - ошондуктан бизге бул мелдешти өткөрүү укугун беришти. Эгер биздин долбоорубуз ийгиликтүү өтсө, кыздар арасындагы курама командалардын кийинки мелдештери Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринде да өткөрүлмөкчү.

Кыргызстандын баскетбол боюнча аялдар арасындагы акыркы эки жылдагы биринчилигин "Эдельвейс" командасы жеңип алууда. Бул команда Россияда, Казакстанда жана башка өлкөлөрдөгү турнирлерде дайыма катышып келүүдө. Команданын президенти болуп Сергей Носков болуп эсептелет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД