Аба булганган кезде эмне кылуу керек? Бишкектин мэриясы кеңеш берет

Суук түшкөндөн баштап автоунаалардан чыккан газдын нормасы көбөйө баштайт, шаардыктар үйлөрүн жана мончосун жылытыш үчүн резина менен тиричилик таштандыларды жагышат. Мунун баары борбор шаарыбыздын абасынын бузулушуна, абанын сапатынын көрсөткөн индекстин төмөндөшүнө алып келет. Мына ушул себептен Бишкектин мэриясы шаардыктарга бир нече сунуштарды колдонуу кеңешин берет:

-Адатта шаардагы абанын сапатынын көрсөтүү индекси 0дөн 500гө чейин өзгөрүлүп турат, анын саны канчалык жогорулаган сайын, абанын ошончолук кирдегенин билдирет. Бүгүнкү күнү Бишкекте индекс 50дөн 100гө чейин өзгөрүүдө жана бул орточо сапатты билдирет.

Белгилей кетсек, бул маалыматтар Air Visual тиркемесинен алынды.

Урматтуу бишикектиктер! Келгиле, өзүбүздү жана бири-бирибизди сактайлы.

Адегенде организми сезгич келген шаардыктарга маска кийүүнү сунуштайбыз. Мүмкүнчүлүккө жараша үйгө аба тазалагычтарды сатып алуу керек, терезени азыраак ачканга аракет кылып жана чыңалуу убагында организмге күч келтирүүнү азайтуу керек.

Абанын сапатын байкап туруу үчүн уюлдук телефонго Play Market, App Sore аркылуу атайы тиркемелерди киргизип алгыла.

Ал эми эгер кимдир-бирөөлөрдүн тиричилик таштандыларын жана резинаны жагып аткандарын көрсөңөр, тезинен мэрияга билдиргиле – биз чара көрөбүз!

Мэриянын санитардык-экологиялык патрулдук кызматынын телефону: 0(312) 65 81 59, ал эми фото жана видео фактыларды WhatsApp-каналы: 0505 888 315 боюнча жөнөтсөңөр болот.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0707 373 373;

Ленин району: 0500 210 470.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД