Түрциянын полициясы зарыл болгон маалыматтарды Кыргызстандын ИИМине берет

Түрциянын полициясы Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча зарыл болгон маалыматтарды Кыргызстандын ИИМине берет. Бул тууралуу Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев түркиялык кесиптеши Сулейман Сойлу менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө макулдашылды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 25-ноябрда Кашкар Жунушалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси Мехмед Татлы жана Түркиянын ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлү Тунжай Алян менен жолугушкан. Анда бир катар маселелерди, анын ичинен Стамбулда жасалган кылмыш - Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жүрүшүн талкууга алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД