Майлы-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө жоокер асынып алды

Бүгүн, 27-ноябрда саат 08:00 чамасында Майлы-Суу шаарындагы автопарктын аймагында 12544-аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер - 1997-жылы туулган А.у.Т.нын асынып турган жансыз денеси табылган. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, А.у.Т. 6-ноябрда кечинде 10 күндүк эс алуудан кийин, үйүнөн 26-ноябрда келген. Ал аскер бөлүктө 1 айдын жыйынтыгы боюнча мыкты жоокер катары сыйланган.

Учурда окуянын жагдайлары аныкталып жатат. Бул факт боюнча кызматтык териштирүү дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши Аскер прокуратурасынын Жалал-Абад облустук гарнизону тарабынан жүргүзүлүүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД