Аймактар аралык касташууну козуткан соцтармактын колдонуучусу кармалды

Аймактар аралык касташууну козуткан социалдык тармактардын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 24-ноябрда УКМК Башкы тергөө кызматы тарабынан, аймактар аралык касташууну козутуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, социалдык тармактын активдүү колдонуучусу А.Ж. ысымдуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

-Аныкталгандай, А.Ж. жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Мунун натыйжасында, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаралып, бири-бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Бул жаран Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (Аймактар аралык касашууну козутуу) боюнча шектелүүдө.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД