Прокурордун өлүмү: Мелис Калыков өмүр бою эркинен ажыратылды

Баткен облусунун мурдагы прокурору - маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган облустагы капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Мелис Калыков өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу VB.KG редакциясына анын жактоочусу билдирди.

Анын айтымында, сот прокурорлордун өтүнүүсүн аткарды.

-Албетте, биз соттун чечимине канаатанганыбыз жок, анткени, соттун тергөөсү жана жыйыны мыйзам бузуулар менен өттү. Биз өзүнө карата үч кылмыш иши козголгон судьяга 10 жолу ишенбөөчүлүктү көрсөткөнбүз. Ушуну менен бирге муну мен жактаган кишинин ишин караган тергөөчү алып барып жатат. Сотто мен андан: Калыковдун Мамажакыповду өлтүргөндүгү боюнча так далилиңер барбы? - деп сурагам. Ал: жок - деп жооп берди. Анда сиз кандай негизде аны күнөөлөп жатасыз деп сурадым. Ал ички ишеним менен деп жооп берди, - деп жактоочу тергөөчүнүн айткан сөздөрүн келтирди.

Эске салсак, 2018-жылы 17-ноябрда тоодогу капчыгайдан Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун күйгөн денеси табылган. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кийин аныкталгандай, ошол күнү Анарбай Мамажакыпов прокуратуранын дагы беш кызматкери менен аңчылыкка чыгышкан. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД