Асек чоң атанын эки миллиону

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 97 жаштагы Асек Урманбетов бишкектик жардамга муктаж жана аз камсыз болгон үй бүлөлөргө 360 миң сом бөлүп берип, бир нече жылдар бою элге кайрымдуулугун көрсөтүүдө максат кылган жалпы сумманын санын - эки миллион сомго жеткирди. Ал эми канчалаган жылуу сөздөрдү, каалоолорду белек кылганынын – эсебин айтуу мүмкүн эмес. Алар дагы кымбатка турат.

Бул иш чара шаарыбыздагы "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр Улуттук борборунда өткөрүлдү.

Иш чарага чакырылган шаардыктар, алардын ичинде улгайган адамдар жана балдар кайрымдуулук иштин башталышына чейин эле чогулушкан. Алардын баары үчүн, колдоо көрсөтүп жана ушунча акча каражатын бөлүп берген адам менен таанышуу абдан кызыктуу эле. Бул ким болушу мүмкүн? – дешип алар өздөрүнчө бири-биринен сурап жатышты. Бул адам согуштун ардагери экендигин билишкенден кийин, алар өтө таң калуу менен, чоң атага келип колун кысып учурашып жана терең ыраазычылыгын билдиришти.

Ардагер чоң ата согуш аяктагандан кийин өмүр бою протез менен басып жүргөнүн көпчүлүк билбесе керек. Үстүбүздөгү жылдын август айында Асек чоң ата жыгылып кетип, соо бутун кокустатып алгандыктан, операция жасатууга туура келген. Эми ал убактысынын көпчүлүгүн үйүндө өткөрүүдө. Бул жолкусунда ал күчүнүн баарын топтоду да, өткөрүлүүчү иш чарага келүүнү чечти.

-Бутум ооругандыктан жакшы баса албайм, бирок, бул жерде мени күтүп жатышканын билгендиктен, келбей коё албадым, - деди Асек Урманбетов сахнага чыккандан кийин.

Залда чогулгандар үчүн ыр, бий менен коштолгон концерт уюштурулуптур. Бул жөнүндө да ардагер кам көрүп, шаардыктарга жакшы маанай тартуулоону чечкен экен. Чогулган эл да абдан кубанычта болгондуктан, залдан эч кимдин кеткиси келбей турду. Чыгармачыл номерлердин тыныгуу учурунда, ыраазылыгын билдирүүнү каалагандар микрофонго келип, бир эле адам бүт эл үчүн кандай көп иш жасагандыгын айтып, анын духунун күчтүүлүгү, өз камын ойлобогон ак жүрөктүүлүгүн мисал келтирип жатышты. Анткени чоң ата шаардын кичирайонундагы бир бөлмөлүү батирде жашап жана өз керектөөсү үчүн акча чогултуу аракетин жасабаптыр. Чоң ата өзүнө керектүү нерселердин баары бар, эми кимге жардам берсе – ал үчүн ар бир тыйын кубаныч тартуулай тургандыгын билдирди.

Ал азыркы убакка чейин проза жана ыр жазуу менен алектенет, өзүнүн эскерүүлөрү жана ойлору менен тең бөлүшөт. Көздөрү жакшы көрбөгөндүктөн, кара маркер менен баракка тамгаларды чоң кылып жазат, ал эми неберелери компьютерге терип беришет.

Иш чара аяктагандан кийин сахнага кичинекей балдарды чакырышты. Асек Урманбетов аларга да акча таратып берди. Чогулгандардын калгандарына акча каражаттарын шаардын төрт кичирайонунун жана Аламүдүн районунун жашоочуларына бөлүштүрүү үчүн, социалдык коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп, алар дароо эле жардамга муктаж үй бүлөлөргө таратып беришти. Алардын арасынан бир аял Урманбетовго басып келип, колун кысып: "Сиз жасаган баардык иштериңиз үчүн чоң рахмат!" - деди. Ал эми кийнкиси чоң атанын колуна өз баласын берип: "Уулумду өөп коюңузчу, Сизге окшогон чоң ата болуп өссүн" – деп айтты.

Асек Урманбетович да кубанып, кичинекей балдар менен маектешип, алардын башынан сылап, колдорун кармап отурду. Балдар дагы кызыгуу менен чоң атага келишип, анын жанынан кеткилери келбей турушту.

Балдар сахнадан түшкөндөн кийин, Урманбетовдун туугандарына кезек берилди. Алардын көпчүлүгү алыс жактан келишсе да, чоң атага гүлдөрдү тартуулашты. Асек чоң атанын эс тутуму да жакшы экен, алардын ар бирин таанып жана жылуу сөздөрүн арнады. Чоң атанын беш баласы бар экендигин, ал эми небере-чөбөрөлөрү санынын көптүгүнөн, эсебинен адашып калгандыгын небереси Айгүл айтып берди. Алардын саны 50дөн ашат экен. Асек чоң ата үй бүлөнүн башчысы катары – алардын сыймыгы болуп саналат.

Урманбетовдун кийинки жылдарга карата да пландары көп, ал биздин спортчуларга да акча каражаты жана жетишпеген спорттук буюмдар жагынан жардам көрсөтүүгө ниеттенүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД