Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылды

Райымбек Матраимов күбө катары УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал Айеркен Саймаитиге Кыргызстанда кол салуу боюнча иштин алкагында күбө катары жана журналисттик иликтөөлөрдө айтылган башка маалыматтар боюнча суралат.

Эске салсак, Айеркен Саймаити "Азаттык" радиосунун иликтөөсүндө ага Ош шаарында кол салуу болгонун, андан кийин Кыргызстандан чыгып кеткенин айткан. Бул боюнча КР Жазык кодексинин 39-беренеси (Адам өмүрүнө кол салуу) менен иш козголгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД