Райымбек Матраимовдун УКМКга суракка чакырылышы эмне менен аяктайт?

Бүгүн, Райымбек Матраимовдун күбө катары УКМКга суракка чакырылышы боюнча, VB.KG редакциясы саясат таанучулар менен маектешип, бул көрүнүш мындан ары кандай улана тургандыгы тууралуу алардын пикирин билгенге аракет кылды.

-Менин оюмча, бул иликтөө Райымбек Матраимов үчүн камакка алуу менен аяктабайт, - деди Марс Сариев.

-Ал өзү мурда өлкөгө кайтып келип, баардык суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирген. Бул маселеде өзүнүн күнөөсү жоктугун далилдеп бере алат. Бул журналисттик иликтөөлөрдөгү схемалар өзбек жана уйгур ишкерлеринин акча которуусунан келип чыгышы мүмкүн. Бажыдагы контрабанда мурдатан бери болуп келген жана боло бермекчи. Бирок, Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү маселесин айтсак, аны турциялык полиция кызматерлери иликтеп бүткөнчө күтө туруу керек.

Саясый талдоочу "Саймаити ишине" саясат көп аралашып кетти, деген ишеничте.

-Бизде энергетикада, кен казууда көмүскө схемалар көп, бирок, аларга азыркыдай көңүл бурган эч ким жок. Эмне үчүн баары эле Матраимов маселесин көтөрүп калышты? Бул журналисттик иликтөө жана митингди соцтармак аркылуу башкаруу, чет жактан президентке карай чабуул коюла баштагандыгынын белгисин билдирет. Азыр Жээнбеков Россия менен тыгыз иш алып барып, проамерикалык саясат менен алектенген жок... Матраимовго карата жасалган фокус – алдыда боло турган шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизүү аракети. Эгер Матраимовдор оюндан чыгарылса, азыркы бийлик өз ордунда кала тургандыгына так жооп берилбеген абал түзүлөт, - дейт Сариев.

Ал эми УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов азырынча кандайдыр-бир жыйынтык чыгаруу эртелик кылат деп эсептейт. Кандай болсо да, Райымбек Матраимовдун суракка чакырылышын – бийликтин логикалык иши катары кабыл алган оң.

-Ага кандай суроолор берилип жана кайсы фактыларды талкуулашат, биз билбейбиз. Суракка чакыруу – бул бир иш, эми анын жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдары кандай расмий жоопту жарыялашат көрө жатабыз. Биз тергөө сырынын сакталышын жана анын күнөөсү сот аркылуу далилдене электигин унутпашыбыз керек, - деп белгиледи эксперт.

Мамытканов ошондой эле коомчулук чыдамдуулугун көрсөтүп, бирок, ошону менен бирге тергөөнү "шаштырып турууну" уланта бериш керек деп эсептейт.

.

-Бул маселе создугуп кетет. Матраимовго оор кылмыш ишин ачуу үчүн, далилдер керек. Аларды табуу үчүн көптөгөн текшерүүлөрдү жүргүзүп жана экспертизаларды дайындаш керек. Ал иштин өнүгүшү жүргүзүлгөн тергөө ишинин сапатына жараша болот. Бирок коом дагы деле мамлекет тартип орното алат деп ишенүүдө. Эң башкысы процесс жүрө баштады. Анын эң башкы кыймылдаткычы болуп - коомдук пикир саналат, - деп сөзүн жыйынтыктады саясат таануучу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД