Марат Ниязов өлкөбүздө таэквондо боюнча 1- эл аралык чебери болду

Кыргызстандык Марат Ниязов – таэквондо (WT) боюнча биздин өлкөдө биринчи "Эл аралык 3-класстагы чебери" наамына татыктуу болду. Бул наам ага "Кукивон" (Түштүк Корея) Бүткүл дүйнөлүк таэквондо борборунда атайы курстардан өткөндүгү үчүн ыйгарылды.

-Бул жогорку наамды алууга 20 өлкөдөн, жүздөн ашык талапкерлер келди. Күндүн биринчи жарымында теоретикалык машыгууларда, таэквондонун тарыхы, машыгуу тажрыйбалары жана башкаларын өттүк. Түштөн кийин жеке таймашууларда, чабуул жана коргонуу жөндөмдүүлүгүбүздү арттыруу үстүндө иштедик. Андан кийин Түштүк Кореянын мыкты чеберлеринин текшерүүсүнөн өттүк. "Эл аралык 3-класстын чебери" наамына 12 спортчу гана татыктуу боло алышты, - деп VB.KG редакциясынын кабарчысына Марат Ниязов билдирди.

Марат Ниязов таэквондо менен алты жашынан бери машыгып келүүдө, анын биринчи машыктыруучусу Валерий Тен болгон. Марат көптөгөн белгилүү эл аралык турнирлерге, анын ичинен Түштүк Кореянынын ачык биринчилигине катышкан. Ал эми "Эл аралык 3-класстагы чебери" наамы машыктыруучу ишкерлиги менен алектенүү укугун да берет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД