Лионель Месси "Алтын топ" сыйлыгына алтынчы ирет татыктуу болду

2-декабрда Франциянын Париж шаарында "France Football" журналы уюштурган "Алтын топ – 2019" сыйлыгын тапшыруу салтанаты болуп өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Аргентина курама командасынын жана "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси 2019-жылдын мыкты футболчусу деп табылды. Ал эми "Ливерпуль" клубунун коргоочусу Виржил ван Дейк 2-орунга ээ болсо, португалиялык Криштиану Роналду 3-орунга илинди. Бул сыйлыкка жалпы 30 футболчу талапкер болду.

2019 - жылы Лионель Месси "Барселона" менен Испаниянын 10-чемпиондугун жеңип алып, Испания чемпионатынын (37 гол) жана Чемпиондор лигасынын (12 гол) мыкты чабуулчусу аталды.

Буга чейин Лионель Месси 2009,2010,2011,2012 жана 2015-жылдары "Алтын топ" сыйлыгына ээ болгон. Эми Месси бул көрсөткүч боюнча биринчи орунга чыгып, "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналдуну (2008,2013,2014,2016,2017) артта калтырды.

Месси менен Роналдудан сырткары "Алтын топту" үч гана футболчу үч ирет татыктуу болушкан: голландиялык футболчулар Йохан Кройф (1971,1973,1974) жана Марко ван Бастен (1988,1989,1992) жана француз Мишель Платини (1983,1984,1985).

"Алтын топ" сыйлыгы 1956-жылдан бери жыл сайын тапшырылат. Бул сыйлыкка биринчи жолу англиялык футболчу Стэнли Мэтьюз татыктуу болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД