Депутат Төрөкулов Саймаитинин иши боюнча төрт сааттан ашык суракка алынды

Кече күнү, 2-декабрда депутат Дүйшөн Төрөкулов Саймаитинин иши боюнча УКМКага суракка чакырылган.

УКМКнын басма сөз кызматы VB.KG редакциясына билдиргендей, сурак берүү төрт сааттан ашык убакытка созулган жана болжол менен саат 18.30да аяктап, Төрөкулов УКМКнын имаратынан чыккан.

Эске салсак, уйгур тектүү КЭР жараны, ишкер Айеркен Саймаити Кыргызстандан ири суммадагы акчалардын чыгарылышына жардам бергендиги жөнүндө журналисттерге айтып берген. Ошондой эле 2017-жылы өзүнө кол салуу уюштурулганын, ошого байланыштуу Кыргызстандан чет жакка чыгып кетүүгө мажбур болгондугун билдирген. 2019-жылы 10-ноябрда Стамбул шаарындагы кафелердин биринде куралдуу кол салуудан Саймаити каза болгон.

Депутат Дүйшөн Төрөкулов таныш катары Саймаити Кыргызстанда жүргөн кезинде байланышта болгон, муну чогуу түшкөн фотосүрөттөр тастыктайт.

Учурда Саймаитинин ишине байланышкан окуяны ведомстволор аралык түзүлгөн тобу иликтеп жатат. УКМКада Саймаити менен байланышта болгон журналисттер, депутаттар, жана башка адамдар суракка алынууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД