Чагымчыл экспонаттар музейдеги көргөзмөдөн алынып салынды

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришкендей, көргөзмөдөгү айрым экспонаттар атайы түзүлгөн комиссиянын чечими менен алынып салынды.

-Коомчулук музейдеги жылаңач аялдарга каршы чыгып жатат, феминисттик иш-чаранын каршылаштарынын кыргыздардын менталитетин эске алуу керек деген пикирине макулмун - деди Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов. Бүгүн ал журналисттерге феминале Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде улана тургандыгын айтты.

Белгилей кетсек, Бишкекте 27-ноябрда алгачкы феминале көргөзмөсү ачылган. Бул иш-чара коомдо кызуу талкууга алынып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында митинг өттү. Андан музейдин директору Мира Жангарачева кызматтан бошотулганы маалымдалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД