Ноокат районунда инспектор пара алып жаткан жеринен кармалды

Ноокат районунда пара алууга шектелип жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору кармалды. Ал айдоочудан жол эрежесин бузгандыгы боюнча маселесин чечүү үчүн 5 миң сом талап кылган.

-2019-жылы 30-ноябрда ИИМ Ички иликтөө кызматына М.М. аттуу жаран арыз жазып кайрылган. Анын айтымында, инспектор жол эрежесин бузгандыгы үчүн паранын бир бөлүгү катары 2 миң сомду алганы менен, анын паспортун бербей, дагы 8 миң сомду талап кылууну уланта берген.

-3-декабрда күч органдарынын өкүлдөрү шектүүнү колго түшүрүү операциясын жүргүзүшкөн. Ыкчам жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, инспектор З.К. (аял киши) 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды, - деп VB.KG редакциясына укук коргоо органдарындагы булактан билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД