Ширин Айтматова УКМКнын сурагына чакырылды

Дүйнөгө белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова УКМКнын сурагына чакырылды. Бул тууралуу ал Twitterдеги өз барачасында билдирди.

Ширин Айтматова УКМКнын саат 16. 00гө суракка чакыруу жөнүндөгү билдирүүсүнүн фотосүрөтүн жарыялап, сурак саат 15.00дө баштада тургандыгын жазды.

Акыркы айларда Ширин Айтматова коомдук иштерге активдүү катышып, коррупциянын келишпес күрөшүүчүсү катары көргөзө алды. 25-ноябрда өткөрүлгөн RЕакция митингге да катышты. "Үмүт – 2020" кыймылы менен бирге Кыргызстандагы коррупциянын бетин ачуучу роликтерди жарыялоодо. Ал бажы кызматы жетекчилигинин мурдагы орун басары Рйымбек Матраимовдун камакка алынышын бийликтегилерден талап кылууда.

Ширин Айтматованы журналисттердин иликтөөлөрүндө айтылган 700 млн доллардын Кыргызстандан чет жакка чыгарылып кетиши жана уйгур тектүү КЭР жараны Айеркен Саймаитинин Стамбулда киши колдуу болушу боюнча суракка чакырылып жатышы мүмкүн. Бул иштер боюнча мурда депутаттар жана журналисттер да суракка чакырылышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД