"Азаттыктын" журналисттери УКМКга келиши керек деген талап коюлду

"Азаттык" радиосунун журналисттери УКМКга тергөө аракеттерин өткөрүү үчүн суракка келиши керек. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, азыркы убакта ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан журналисттик иликтөөлөрдө айтылган 700 млн доллардын Кыргызстандан чет жакка чыгарылып кетиши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат.

УКМК белгилегендей, "Азаттыкта" иштеген Ыдырыс Исаков жана Мухаммедали (Али) Токтакуновдун катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүшү керек.

Ошону менен бирге, 2-декабрда "Азаттык Медиа" мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин белгилеген. Ушундан улам күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирген.

-Кыргызстандын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Жазык-процессуалдык кодексинин 194-беренесине (дистанциялык суракка алуу) дал келбестигин белгилейбиз. Ошондуктан Жазык-процессуалдык кодекстин 34-36-жана 189-беренелеринин талаптарына ылайык, тергөө органына "Азаттык Медиа" мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун келип беришин камсыз кылууну сурайбыз, -деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД