Генерал-майор Талантбек Исаевге козголгон кылмыш иши токтотулду

Милициянын генерал-майору Талантбек Исаевге карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

23-октябрда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Талантбек Исаевге карата КР Жазык кодексинин 320-беренеси боюнча (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон кылмыш иш Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

ИИМ кызматтык текшерүүсүнүн жүрүшүндө 2011-жылдын 30-майында Талантбек Исаев "Компания "Манас Менеджмент" жабык акционердик коомуна вице-президенти болуп дайындалып, директорлор кеңешинин негизинде пайызсыз насыя алгандыгы жана кийин ал толугу менен төлөнүп берилгендиги аныкталган.

Укук коргоо органдарынын берген жообуна ылайык, насыянын алынышы жана анын колдонулушу "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" мыйзамынын талаптарына каршы чыкпайт. Талантбек Исаевдин пайызсыз насыя алганы кылмыш деп эсептелбейт.

Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында Талантбек Исаевдин аракетинде Жазык кодексинде каралган кылмыштын белгиси жок экени аныкталды. Ошого байланыштуу кечээ, 3-декабрда Талантбек Исаевге байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД