Гүлчө айылындагы аскер бөлүгүнүн жоокери токко урунду

Гүлчө айылындагы № 36806 кургактагы аскер бөлүгүнүн жоокери токко урунду. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-декабрда Гүлчө айылында жайгашкан 92843 аскер бөлүгүнүн жоокери ефрейтор Ш.у А. тактикалык машыгуудан кайтып келе жатып, тыйуу салынган белгиге карабай трансформатордук будкага киргенде, аны ток урган. Ал аталган аймакта ток бар экенин билген эмес.

Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, райондук ооруканага жаткырылды. Азыркы убакта анын абалы орточо оор деп баалануда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД