Үйүнүн короосунда 5-класстын окуучусу асынып алды

Чүй облусунда үйүнүн короосунда асынып алган өспүрүм баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында саат 17:03 чамасында милиция бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, өспүрүмдүн жансыз денесин табышкан. Каза болгон баланын өздүгү такталып, 2008-жылы туулган К.Н. экени аныкталды. Денесин кароодо мойнунда жиптин изинен башка жаракаттар болгон эмес.

Бул факт Чүй районунун ИИБ Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ал баланын Чүй районундагы орто мектептердин биринде 5-класстын окуучусу болгону жана жетиштүү үй-бүлөдө чоңойгону маалым болду.

Учурда окуучунун өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Сотко чейинки өндүрүш иши башталып, экспертиза дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД